News

Стратегиялык сессияда ЖОЖдордун кызматташуусу талкууланды

31-январда Алтай мамлекеттик университетинде Азия университеттеринин ассоциациясынын “Борбордук Азиянын илимий-билим берүүчүлүк жана маданий мейкиндигиндеги эл аралык кызматташтыктын өнүгүүсү” деп аталган стратегиялык сессиясы болуп өттү.

Иш-чарага Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикистандын 18 жогорку окуу жайынын, коомдук-маданий бирикмелердин өкүлдөрү жана бир катар дипломатиялык кызматкерлер катышып, 5 тематика боюнча ойлорун ортого салышты. Эл аралык кызматташтыктын алдыңкы тажрыйбаларын, жыйынтыктарын анализдөөнү максат кылган бул стратегиялык сессияда Азия университеттеринин ассоциациясынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жогоруда аталган өлкөлөрдүн окуу жайларынын эң мыкты тажрыйбалары аныкталып, 2020-жылга карата пландар каралды.

Ал эми Ош малекеттик университети бул жыйынга эксперт катары он-лайн режиминде катышып, эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев “ОшМУнун Борбордук Азия университеттери менен кызматташуудагы тажрыйбасы жана келечектеги өнүгүү перспективалары” деген темада доклад окуду.

Жыйындын катышуучулары азия өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын ортосундагы ич ара кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн Азия университеттеринин ассоциациясынын ишине Алтаистика борборун жана жигер жаштарды тартуу керектигин белгилешти.

Иш-чара музейлердеги экскурсия жана концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азия университеттеринин ассоциациясы 2012-жылы 22-майда АлтМУда түзүлгөн. Ага 8 өлкөнүн 27 университети мүчө болушкан.

1832 11:41 03-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|