News

ИПКнын орто кесиптик тилдер кафедрасында жаңылануулар, ийгиликтер

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер кафедрасы ушул жылы гана өз ишмердүүлүгүн баштагандыгына байланыштуу жыл ичи жакшы иштөөгө, кафедранын окуу-усулдук ишмердүүлүгүн жогорулатууга аракеттеништи.

Январь ичинде кафедранын мүчөлөрү колледждин студенттерине кантип сабак өтүүнүн жолдору, ыкмалары алардын стандарттык талапка, компетенцияга ылайык келиши тууралуу семинарлардын сериясын өтүштү.

1-семинар “План-иштелмени жазуунун жолдору жана ага анализ жүргүзүү”, 2-семинар “Жумушчу программаларды түзүүдө компетенттүүлүккө багыттап түзүү” деп аталып, анда факультеттер аралык кыргыз, орус, англис тилди окутуу маселелери каралды. 3-семинар “Мен сабакта кайсы ыкмаларды колдоном?” деген темада болуп, жаш окутуучулар сабакта колдонгон ыкмалары тууралуу презентация жасап беришти.

Илимий ишти да алдыга жылдыруу боюнча “Илимий макаланы жазуу жана шилтеме берүүнүн жолдору” деген темада илимий семинар өтүлүп, окутуучулар илимий стиль, анын тилдик каражаттары, илимий макала, шилтеме берүүнүн жолдору тууралуу маалымат алышты. Жогорудагы семинарларды уюштуруп жана өтүп жаткан кафедра башчысы, доцент Байтикова Бактыгүл: “Биз сабак берген жаш окутуучулардын билимин ар тараптуу көтөрүүбүз абзел. Анткени тажрыйба үйрөнүү, кайра-кайра билим аркылуу өнүгөт. Ал эми январь айы билимибизди ар тараптуу өнүктүрүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүк болду десем жаңылышпаймын”, -дейт.

1870 10:54 03-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|