News

Эл аралык мамилелер факультетинде билим берүү программаларын жакшыртуу багыт көздөгөн тегерек столдор уюштурулду

31-январда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде “Эл аралык мамилелер кафедрасы эл аралык мамилелер, саясат таануу (бакалавр, магистратура) багыттарынын билим берүү программаларынын максаттары, күтүлүүчү натыйжалары жана мазмуну» аттуу темадагы тегерек стол уюштурду.

Тегерек столго окутуучулар, иш берүүчүлөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, бүтүрүүчүлөр, магистранттар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө иш берүүчүлөр менен “Бүтүрүүчүлөр кандай билимдерге жана жөндөмдөргө ээ болуш керек?”, бүтүрүүчүлөр менен “Практикалык жумушуңарда кандай билим жетишпейт?”, “Окуу планына кандай предметтерди сунуш кыласыңар?”, студенттер жана магистранттар менен “Факультеттеги окуу процессинде жетишпеген маселелер жана аны чечүүнүн жолдору”, ата-энелер менен “Сиздин перзентиңиз эмне үчүн ушул багытты тандады жана келечекте перзентиңизди кандай көргүңүз келет?” деген темалардын алкагында талкуулар уюштурулуп, сунуш-пикирлер айтылды.

Ушундай эле иш чара 1-февралда аталган факультеттин аймактаануу кафедрасында да орун ады. Иш чарага иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүдөр, ата-эенелер, магистранттар, студенттер катышып, аймактаануу багыты боюнча билим берүү программасын жакшыртуу багытында суроо-жооп, талкуулар уюштурулду.

1864 10:28 03-02-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|