News

ОшМУ Туркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы ЖОЖдор менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Н.Турганбаев, Медицина факультетинин деканы А.Исмаилов, Кыргыз-Түрк факультетинин деканы Т.Козукуловдор Туркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы Туркиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн иш сапарда болуп келишти.

Иш сапардын алгачкы күнү Жумхуриет университетинде башталды. Делегация университеттин жалпы түзүлүшү, структурасы жана иштөө менеджменти менен жакындан таанышышты. Ошондой эле Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз мырза менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда эки тараптуу бирдиктүү иш алып баруу маселесинин тегерегинде сөз болуп, мындан ары эки университет ар бир адистик боюнча студенттерди академиялык мобилдүүлүккө жиберүү, өз ара кызматташтыкты бекемдөө чечимине келишти. Башкача айтканда, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студентти Туркиянын Жумхурият университетинде мобилдүүлүктүн негизинде 1 жыл окутуу чечимине жетишишти. Анын ичинен 20 квота медицина факультетинин жогорку курстарына берилсе, калгандары башка адистиктерге бөлүнөт. Ошондой эле теология факультетинин 20 студентине 6 жумалык жайкы окуу Жумхурият университетинде өткөрүлөт.

Иш сапардын кийинки бөлүгү Токат шаарындагы Османгазипаша атындагы университетинде жана Амася шаарындагы Амася университетинде уланды. Османгазипаша атындагы университетинин ректору, профессор Буньямин Шахин жана проректорлору Ибрахим Өзбай мырзалар менен эки тараптуу кызматташуу келишими, Мевлана жана Эрасмус плюс программалары боюнча келишимдерге кол коюлду. Амася университетинин ректору, профессор Сулейман Елмажы менен эки тараптуу кызматташуу жана Мевлана программасы боюнча келишимге кол коюлду.

Аталган университеттер менен ОшМУ студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү гана өнүктүрбөстөн окутуучулардын илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыктарын да бекемдейт.

Кошумчалай кетсек, Анкара шаарында Туркиянын Юнус Эмре институнун (Түрк тилин жана маданиятын дүйнөгө жайылтуу мамлекеттик мекемеси) өкүлчүлүгүн ОшМУнун базасында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

7589 12:28 30-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|