News

“Эң мыкты студент” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө 840 000 сомдук “Атуулдук стипендия” ыйгарылат

Өлкөдө эң ири өлчөмдө студенттерге стимул болуучу стипендия болуп саналган ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” быйылкы окуу жылында 10 студентке тапшырылат.

Студенттерди тандоо конкурстун негизинде жүрөт. Ал үчүн окуу жайда 21 бюллетенде «ОшМУнун мыкты студенти» конкурсу жөнүндө Жобо иштелип чыкты.

Жобого ылайык конкурс 2 этаптан туруп, 1-этап факультеттик деңгээлде, ал эми 2-этап университеттик деңгээлде уюштурулат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

- Окуудагы жетишкендиктери, логикасы жана сабаттуулугу;

– Илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери;

– Ойлоп табуучулук, жаратмандык жана чыгармачылык потенциалы;

– Коомдук жана социалдык жоопкерчилиги, лидердик потенциалы, уюштуруучулук сапаты, студенттик өзүн-өзү башкаруу жаатында бааланат.

Конкурстун ар бир жеңүүчүсүнө айына 7000 сомдон стипендия чегерилет жана бир жылдык жалпы суммасы 84 000 сомду түзөт. Аталган номинациялар боюнча конкурстун биринчи этабы учурдагы жылдын 1-февралынан 28-февралына чейин уюштурулат.

Конкурстун экинчи этабы 11-мартка чейин уюштурулуп жыйынтыгы

чыгарылат. Конкурска ОшМУнун күндүзгү бөлүмдөрүнүн 3-6 – курстарында “эң жакшы” бааларга окуган же GPI 3,8 ден жогору болгон студенттер катыша алышат.

Бул стипендияны – Ош МУда эмгектенген, илимдин доктору, илимий чини бар, жашы улгайып калган профессор агай өзүнүн өмүр бою жыйнаган мүлкүн банкка төгүп, аны окуу жайга мурастап, мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. Ош МУнун жетекчилиги бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк, профессор агай, университет болуп үч тараптуу келишим түзүшкөн. 2012-жылы бул стипендия алгачкы ээлерине тапшырылган. Тагыраагы буга чейин эң мыкты 5 студентке ыйгарылып келсе, эми мындан ары алардын саны 10 студентке жетти.

5263 10:15 20-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|