News

ОшМУнун "УНИВЕРСИТЕТ" волейбол клубунун оюнчуларына спорттук кийимдер тапшырылды

Оюнчуларга спорт кийимдерин клубдун президенти, ОшМУнун ректору, доцент Кудайберди Кожобеков тапшырды. Оюн жана салтанат формаларын тапшырып жатып: "Окуу жай силерге бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө даяр, силер да окуу жайдын намысын коргоп, мыкты оюн көргөзгүлө. Волейбол командалык оюн. Ынтымак, биримдик болсо гана жеңишке жетесиңер. Баарыңарга ийгилик, окууларыңарга жетишкендик каалайм" – деди. "Клубдун балдары физикалык, психологиялык жактан да оюнга даяр. Азыр күн сайын машыгуу жүрүп жатат. Курамда дээрлик окуу жайдын студенттери машыгат"- дейт клубдун машыктыруучусу Эрлан Таирбек уулу.

Эскерте кетсек, ОшМУнун "Университет" волейбол клубу 2018-жылы август айында негизделген. 2019-жылы Жогорку лигада 3-орунду камсыз кылган.

1847 09:46 17-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|