News

Женил атлетика боюнча КРдин кышкы ачык чемпионатында ОшМУнун студенттери жеңишке жетишти

Бишкек шаарында 10-11-январь күндөрү жеңил атлетика боюнча КРдин кышкыачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтүп, ага өлкө аймагынан чогулган 15-16 жаштагы өспүрүмдөр, 18 жаштан жогорку курактагы кыздар жана балдар катышкан.

Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышкан.

Бул тууралуу ОшМУнун "Биримдик" спорт клубунун башчысы Алмазбек Казибеков:

"Жалпы өлкө боюнча 300гө жакын спортчунун арасынан жакшы жыйынтык көрсөттүк. ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринин студенттери Жамшитбекова Алмыкан 800 м. чуркоодо 1-орун, 400 м. чуркоодо 2-орун, Садыкжан уулу Шахзатбек 200 метр, 400 метр чуркоодо 1-орун, Жумабаев Бектурсун 60 метр тоскоолдуктар менен чуркоодо 2-орунду ээлесе, Юридика факультетинин студенти Кыпчакова Азиза 60 метр тоскоолдуктар менен чуркоодо 2-орунду багындырды.

Ал эми Садыкжан уулу Шахзатбек февраль айында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо утуп алды. Мелдешке катышууга жакындан колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берген ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго ыраазычылыгыбызды билдиребиз", -деп билдирди.

Жеңишке жеткен спортчуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз!

1853 09:21 17-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|