News

Адабият күнүндө “Декабрь музасы” аттуу поэзия кечеси тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь-Адабият күнүнө арналган “Декабрь музасы” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеге ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов, Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Алмазбек кызы Назима, ОшМУнун теология факультетинин окутуучусу, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Медербек Кадыров конок катары чакырылды.

Көөдөнүнө ыр түнөп, поэзия уялаган географ, юрист, теолог акындар ыр күйөрмандарына Ата Журт, сүйүү, мекенчилдик темасындагы ырларын эргип окуп берип, кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Поэзия кечесин ОшМУнун таланттарынын жагымдуу музыкалык ырлары коштоду. Кечеде сөзгө чыккан ОшМУнун доценти, тилчи жана окумуштуу Асылбек Айтманбетов кеченин конокторунун ырларына жогору баасын берди.

“Биз жамаат ичинде бул багытта жолугушууларды, кечелерди уюштурууну уланта беребиз. Ноябрь айында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде фольклорчу-этнограф, тилчи, жазуучу-публицист, котормочу-журналист Сулайман Кайыпов менен жолугушуу уюштурганбыз. Жакынкы аралыкта жазуучу, драматург Султан Раев, белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдор менен да жолугушууларды пландаштырып жатабыз”, -деди кеченин уюштуруучусу, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Түмөнбай Колдошов.

1903 14:28 12-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|