News

Наманган мамлекеттик университетинен келген делегация конок лекцияларды окушту

10-11-декабрь күндөрү Ош МУнун математика жана информациялык технологиялар факультетине Наманган мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин деканын орун басары Жасур Исроиловдун жетектөөсүндө 8 окутуучудан турган делегация келди.

Аталган делегацияны алгач ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдвувалиев кабыл алып, университеттин ишмердүүлүктөрү, алдыдагы пландары, эки университеттин байланыш алакалары боюнча маалымат берип, пикир алышты.

Андан сон мобилдүүлүк программасынын алкагында келген делегация Математика жана информациялык технологиялар факультетинде болушуп, профессордук-окутуучулук курам менен жолугуп, факультеттин ишмердүүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле кызыктуу конок лекцияларын окуп беришти. Сапардын алкагында университеттин факультеттери менен жеринде таанышышты.

1815 15:51 11-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|