News

Үч жыл аралыгында ОшМУнун 64 студенти, 17 окутуучусу Чехиядан билимин өркүндөтүп келишти

Ош мамлекеттик университетинин 11 студенти Чехиянын Батыш Чех университетинде билим алып келишти. Алар ушул жылдын 4-ноябрында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 9 студенти, 1 магистранты жана чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1 студенти ОшМУнун жана Батыш Чех университетинин эки тараптуу келишимдеринин алкагында Чехияга жөнөп кетишкен.

Чехияда 1 ай, 10 күн аралыгында билим алып, тажрыйба топтоп келген студенттерди университеттин административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов студенттердин окууларына ийгилик, чыгармачылык изденүүлөрдү каалады.

Белгилей кетсек, Чехияда билим алып келген студенттердин тамак-ашка жана жатаканага кеткен чыгымдарын келишимдерге ылайык Батыш Чех университети стипендия иретинде төлөп беришти.

Ал эми учурда Батыш Чех университетинде ОшМУнун 4 студенти, 1 магистранты эки тараптуу келишидин негизинде 1 семестр окуп жатышат. Ал эми Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУдан билим алып кетишти.

“Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы келимдердин алкагында 3 жыл аралыгында Батыш Чех университетинен билим алып келген ОшМУнун студенттеринин саны 64тү түзсө (58 бакалавр, 6 магистр), окутуучулардын саны 17ни түзөт. Ал эми ОшМУдан 35 Чехиялык студенттер (29 студент, 6 магистрант) билим алып кетишсе, тажрыйба алмашууга келген окутуучулардын саны 15ти түзөт”,-деди эки окуу жайдын байланышына демилгечи болгон ОшМУнун доценти Эрлан Камалов.

1865 15:06 11-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|