News

ОшМУда декандык шайлоолор өттү

Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде 2019-жылдын 30-ноябрында “Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык факультеттин деканы кызматына шайлоо болуп өттү.

Юридика факультетинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышкан шайлоонун жыйынтыгында юридика илимдеринин доктору, профессор Гулсара Кулдышева Юридика факультетинин деканы кызматына шайланды.

Ал эми 2019-жылдын 4-декабрында Эл аралык мамилелер факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп саясий илимдеринин кандидаты, доцент Сайкал Ибраимова дайындалды. Сайкал Ибраимова буга чейин Эл аралык мамилелер факультетинин аймак таануу кафедрасын жетектеп келген.

1984 14:35 05-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|