Объявления

“ОшМУнун сыйлыктары жөнүндө” жобосун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Ош мамлекеттик университетинде билим берүү, илим жана башка тармактарды өнүктүрүүгө кошкон кызматкерлердин эмгегин баалоо, даңазалоо, дем берүү жана ийгиликтүү иштөөгө шык берүү максатында “ОшМУнун сыйлыктары жөнүндө” жобосун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Аталган жумушчу топтун төрагасы катары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов дайындалды.

Жумушчу топ 28-ноябрдан өз ишин баштагандыгына байланыштуу жамааттан сыйлыктар боюнча сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Сунуш, пикириңиздерди ушул жылдын 15-декабрына чейин bojbei@mail.ru электрондук дарегине жиберсеңиздер болот.

1633 16:04 28-11-2019

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|