News

ОшМУнун 3 окутуучусуна өлкө башчысы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда үзүрлүү эмгектери үчүн медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Бул жогорку сыйлыкка көп жылдык эмгектери үчүн ОшМУнун окутуучулары да татыды.

Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ОшМУнун Искусство факультетинин музыкалык аспаптар жана ырдоо кафедрасынын доцентти, белгилүү обончу ЭГЕМБЕРДИ ТАЛИПОВго жана таланттуу ырчы агайыбыз МАНАС КОЖОМЖАРОВго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти" ардактуу наамы берилди жана МАМЫРАЛЫ ЭШБАЕВ агайыбызга "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наамы ыйгарылды.

Сыйлыгыңыздар кут болсун! Чыгармачыл казынаңыздар бөксөрбөсүн! Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бекем ден соолук каалайбыз!

ОшМУнун жалпы жамааты!

2431 09:45 20-09-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|