News

Кыргызстандык илимпоз Жаны Зеландиядагы илимий конференцияда 1-орунду алды

Кыргызстандын жаш илимпоз Сейитбек Тилековдун «Социалдык тармактарга берилүүнүн студенттердин эске тутуу жөндөмү менен академиялык жетишкендиктерине тийгизген таасири» аттуу баяндамасы Жаңы Зеландияда өткөн (14.07.2019) Эл аралык конференцияда "Эң мыкты баяндама" деп табылды.

Кыргыз илимпозу «Глобалдашкан Түштүк жана Түндүк: Коммуникация жана маданий перспективалар» аттуу конференцияда журналистика жана коммуникация тармагы боюнча жасалган 200 катышуучунун ичинен озуп чыккан.

Кыргызстандан Жаӊы Зеландиядагы илимий конференцияга Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын вице-президенти доктор ЭлираТурдубаева, ассоциациянын мүчөлөрү Сейитбек Тилеков жана доктор Регина Жаманкулова барышкан.

«Жалпысынан Кыргызстандан бул конференцияга 20 баяндама кабыл алынган. Тилекке каршы, көпчүлүк баяндамачылар ар түрдүү себептер менен конференцияга бара албай калышты. Ошондуктан, алардын 11 баяндамасын Кыргызстандан барган үчөөбүз окудук.Сейит Тилековдун баяндамасы 200 катышуучунун арасынан биринчи орунга суурулуп чыгып, сыйлык алышы Кыргызстан үчүн эле эмес, бүтүндөй пост-совет өлкөлөрүүчүн да чоӊ жеӊиш жана сыймык!» - деди доктор Э.Турдубаева.

Аталган эл аралык конференцияны Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация Ассоциациясы жана Бизнес Коммуникаторлор Ассоциациясы уюштурушкан. Ага жалпысынан 22 өлкөдөн 300 илимпоз катышкан. Катышуучулар Армения, Австралия, Бельгия, Канада, Китай, Финляндия, Гуам, Индия, Италия, Япония. Казахстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Нигерия, Нидерланды, Жаӊы Зеландия, Филиппины, Россия, Сингапур, Улуу Британия жана АКШ сыяктуу дүйнөнүн дээрлик бардык континентинен барышкан.

Эске салсак, Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация Ассоциациясынын 34 жылдыгына карата «Дүйнөлүк конфликттер жана жакырчылык: Коммуникация, маданият жана резолюция» аттуу эл аралык конференция 2017-жылы Бишкекте ийгиликтүү өткөн. Иш-чараны Кыргызстан Коммуникаторлор Ассоциациясынын төрайымы, доцент А.Асанова жана Ассоциациянын негиздөөчүсү докт. Э. Турдубаева өткөрүшүп, ага 33 өлкөдөн 103 илимпоз келип катышкан эле. Конференциянын алкагында Э.Турдубаева Бүткүл Дүйнөлүк Коммуникация Ассоциациясынын Азия чөлкөмүндөгү вице-президенти болуп дайындалган.

Кыргызстан Коммуникаторлор Ассоциациясы (ККА) 2016-жылы негизделген. Ага Кыргызстандагы журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, теле, радио жана кино факультеттеринин окутуучулары мүчө болуп катталган. ККА журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, жалпы коммуникация тармагы боюнча илимий конференция, симпозиум, семинар, тегерек столдорду өткөрүү менен биргеликте жождор үчүн окуу китептерин жазуу иштерин жүргүзүп келет. ОшМУдан бул ассоциациянын мүчөлөрү болуп журналистика кафедрасынын окутуучулары Маматжанова Зарина жана Мамырова Махабат катталышкан жана ассоциация тарабынан байма-бай өткөрүлүп турган иш-чараларга катышып турушат.

2612 09:38 16-07-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|