Объявления

Бүтүрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү конкурсу башталды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында стажировкалар программасына катышууга конкурс жарыяланды.

Бул конкурска университеттердин жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү жана акыркы курстардын студенттери катыша алат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек университеттеринин карьера борборлору, Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси менен кызматташтыкта университет жана колледждердин акыркы курстарынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү менен кесиптик тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Стажировкадан өтүү мезгили 4 айга созулат, программанын алкагында стажерго ай сайын болжол менен4100 сом өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилет .

Стажировкага катышуу учун талапкерлер өтүнмө жөнөтүүшү керек.

Байланыш маалыматтары:

Стажировкага катышуу боюнча өтө так маалыматты талапкерлер Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсесин өкүлдөрүнөн0770 800057 телефон, email:beintern2019@gmail.com аркылуу, жана төмөндөгу көрсөтүлгөн байланыштар боюнча программанын координаторлорунан алууга болот.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин Карьера борбору, Ленин атындагы көчө, 331, ОшМУ башкы корпус, каб.136, байланыш адамы Маткалыков Азирет Али, тел.: 0559 80-18-80 email: kareraborboru.oshmu@bk.ru

Эгер сизди бул маалымат кызыктырган болсо, төмөн жактагы ссылкадан маалымат алып, өтүнмөнүн толтуруу шарттары боюнча маалыматтарды алсаңыздар болот.

2471 09:27 07-05-2019

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|