Бүткүл дүйнөлүк радио күнүнө арналган журналистиканын жана коммуникациянын VI Эл аралык кышкы мектеби быйылкы жылы Казакстандын Алматы шаарында жагашкан Тоо-Туран ден соолукту чыңдоочу борборунда Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университети тарабынан уюштурулду. Аталган кышкы мектепке ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынан окутуучулар З.Маматжанова, М.Мамырова А.Умарова жана 2-курстун студенти А. Базарбаев, 4-курстун студенти Абдулла кызы Канышай, Орус филологиясы факультетинин эл аралык коммуникация кафедрасынан окутуучулар С.Сейитбекова, Н.Усеновалар жана аталган факультеттин студенти А.Муктаровалар катышып келишти.
Бул журналистиканын жана коммуникациянын кышкы мектеби 2014-жылдан тартып жыл сайын Аль-Фараби атындагы Казакстан мамлекеттик университети тарабынан кышында Казакстанда өткөрүлсө, жайында Ысык-Көлдө уюштурулуп келет.
“Аталган кышкы мектепке Казакстан, Кыргызстан, Авганистан, Таджикистан, Өзбекстан, Каракалпакстандын университеттеринин журналистика адистигинин мугалимдери, студенттери жана журналисттер катышышты. Бири-бирибиз менен пикир алышып, ойлорубузду ортого салып, талкууларга катыштык. Мыкты лекторлордун баяндамаларына күбө болдук. Ошондой эле Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университети жана Алматы шаарындагы маданий эс алуучу жайлары менен жакындан тааныштык. Биз үчүн жемиштүү сапар болду”,-деп белгиледи делегацияны жетектеп алып барган журналистика кафедрасынын окутуучусу Зарина Маматжанова.