News

Экологиялык маданият- экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу

4-10-апрелге чейин финансы - юридикалык коллежинин ЖББДнын табият таануу кафедрасынын башчысы доцент Г. Садыкова тарабынан уюштурулган илимий- экологиялык жумалык болуп өттү. Жумалыкта студенттер арасында дил баяндар, экибана, дубал газета, видео роликтер, викториналар боюнча конкурстар болуп өттү. 15-апрель күнү илимий жумалыктын жыйынтыгында “Кыргызстандын табият таануу илиминин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулар” менен жолугушу. ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору б.и.д. профессор Т.Жумабаева, Соода жана өнөр жай өндүрүшүнүн Ош обласынын жетекчиси К. Пазылов , г.и.к. доцент А. Аккулов жана башка коноктор катышып сөз сүйлөштү. Концерттик программа менен коштолуп, Ак-Бууранын көз жашы, таштандылардан тигилген мода дүйнөсү, таштандылардын көрүнүшү, ыр бийлер менен коштолду. Аягында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
5433 13:38 16-04-2016

                 

News

|< 1 >|