News

ТТГФнын туризм адистигинин жумуш берүүчүлөрүнө “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” тапшырдык

Факультеттеги “туризм” адистигин даярдоодо Ош облусунун жана шаарынын аймагында жайгашкан туристтик ишкана-уюмдар менен кызматташууну дагы жакшыртуу аракеттерин жүргүзүп келебиз. “8-март Аялдардын Эл аралык майрамын” утурлай, шаардагы Туризм ишмердүүлүгү менен алектенген, атап айтсак: «Мундуз-Турист» эл аралык туристтик компаниясынын генералдык директору Ёсиддинов Умаржан Жамалдиновичке, “Osh Travel” экскурсия жана саякат бюросунун жетекчиси Хасанова Лада Евгеньевнага ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ тапшырдык. Аталган ишканалардын жетекчилери аймактагы ишмердүүлүгүн жакшы жолго койгон мекемелер. ТТГФдагы туризм адистиги менен өнөктөш, стейкхолдерлер катары айрым маселелерди (НББП, стратегия ж.б.) чогуу талкуулап келүүдөбүз, ошондой эле программанын (бакалавр, магистратура) эл аралык аккредитациядан жогорку уюшкандыкта өтүүдө олуттуу салымдарын кошуп келишүүдө. Мындан ары дагы биргелешип жумуштарды аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
247 09:24 05-03-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|