News

Туризм ишмердүүлүгү боюнча биргелешип аракеттенүү уланууда

Өзбекстандын Хорезминде туризм (өзгөчө зыяратчылык туризми) аябай жакшы өнүккөн, анткени Борбордук Азиядагы байыркы мамлекет жана тарыхый област болгон. 2020-жылдын 22-декабрында аталган аймактан келген делегация менен биргелешип жумуштарды аткаруу боюнча меморандумга кол коюлду. Иш-чарага ТТГФнын экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери дагы катышышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кол коюну КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн алдындагы “Ош шаары жана Ош облусу боюнча туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешинин” жетекчиси Алиев Абдулкадыр Абсаматович жүргүздү. P.S. Алиев Абдулкадыр Абсаматович - ОшМУнун ТТГФнын 600200-туризм программасы боюнча 2-курсунун магистранты
406 10:10 23-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|