News

ТТГФде география мугалимдерине картография боюнча семинар өткөрүлдү

Семинардын негизги максаты картография жана топография илиминдеги акыркы жетишкендиктер менен таанышуу, жогорку жана орто билим берүүчү мекемелеринин ортосундагы байланышты өркүндөтүү болду. Мектептеги география сабагында картаны түшүндүрүүдө колдонулган усулдар жана акыркы окутуу технологияларын эффективдүү колдонуу тууралуу лекция окулду. Катышуучулар доцент Д.А. Абжапаровага көптөгөн суроолорду беришип, толук, түшүнүктүү жоопторду ала алышты. Иш чара ТТГФтин «Колдонмо геодезия» окутуу канасында, 2020-ж. алынган, геодезияда тармагында иштетилүүчү заманбап жабдууларын колдонуу менен өттү, семинарга Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынан география сабагынан берген мугалимдер катышышты.

312 09:42 06-03-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|