News

"Колдонмо геодезия" адистигин аккредитацияга даярдоо

17-февралда ТТГФде "Колдонмо геодезия" билим берүү программасынын көз карандысыз аккредитациядан өтүү боюнча иш планында каралган профессордук-окутуучулар курамынын (ППС) жолугушуусу өттү. Жолугушууда өздүк баалоонун стандарттары, ар бир дисциплина боюнча ОМКлардын толуктугу, баалоо каражаттарынын паспортторун жаңылоо, окуу каналарынын жабдуулануусу, көргөзмө куралдардын даярдыгы ж.б. маселелер боюнча талкуу болду.

Жолугушууда 2020-21-о.ж. дистанттык (он-лайн) окутуудагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен сабактардын сапатын көтөрүү, видео сабактарды тартуу жана тиешелүү тармактарга жүктөө, жайылтуу, түрдүү он-лайн окутуу платформаларында сабактарды өтүү, студенттердин билим деңгээлин текшерүү, жалпы аралыктан окутуунун көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жөнүндө айтылды. Жолугушууда "ФГ, КГ жана ТТК" каф.башчысы, г.и.к., доц. Шербаева З.Э., ТТГФнин ОМКнин төрайымы, улук окут. Зулушова А.Т., "Колдонмо геодезия" ББП жетекчиси, т.и.к., доц. Абжапарова Д.А. жана "Колдомо геодезия" адистигине сабак берген окутуучулар катышышты. Жетекчилик аныкталган кемчиликтерди жоюуга белгиленген мөөнөт койду.

349 17:05 17-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|