News

ТТГФде факультет жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен интервьюлар өттү

13-февралда ОшМУнун сырттан жана дистанттык окуу бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., проф. Жумабаева Т.Т. жетектеген эксперттер тобу ТТГФде болуп, топтук интервьюларды жолугушуу жана он-лайн форматында өткөрүштү:

- факультеттин жетекчилиги: декан, г.и.д., проф. Низамиев А.Г., декандын орун басарлары, кафедра башчылары;

- профессордук-окутуучулар курамы;

- студенттер менен.

Бул иш-чара быйылкы окуу жылында көз карандысыз аккредитациядан өтүүчү окуу программаларындагы, а.и. "ФГ, КГ жана ТТК" кафедрасынын 620101 "Колдонмо геодезия" билим берүү программасы, тиешелүү иш-кагаздардын даярдыгын, алардын туура жана убагында толтурулуусун, маалымат жайылуусун көзөмөлдөө, окуу процессиндеги көйгөйлөрдү угуу, маселелерди чечүүгө кеңеш, жардам берүү максатында өттү. Интервьюга "Колдонмо геодезия" адистигинин өздүк баалоо отчётун даярдоо үчүн жумушчу тобу: жетекчиси каф.башчысы, г.и.к. Шербаева З.Э., "Колдонмо геодезия" программасынын жетекчиси, т.и.к. Абжапарова Д.А., факультеттин ОМК төрайымы, улук окутуучу Зулушова А.Т., ж.б. катышты.

402 05:17 15-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|