News

ТТГФте "Баалоо каражаттарыны фонду" семинары өттү

2021-ж. 3-февралында табият таануу жана география факультетинде "ФГ, КГ жана ТТК" кафедрасынын мүчөлөрү: каф.башчысы г.и.к., доцент Шербаева З.Э., т.и.к., доцент Абжапарова Д.А., улук окутуучу Зулушова А.Т., улук окутуучу Исакова У.Э., ага окутуучу Камчиев У.М., лаборант Абдувахид у. А. "Баалоо каражаттарынын фонду" семинарына катышышты.

Семинар ОшМУнун Сапат департаменти тарабынан уюштурулуп, ТТГФтин окутуу программалары (а.и. Колдонмо геодезия) 2020-2021-окуу жылында көз карандысыз аккредитацияга жакшы даярдык көрүү, аны ийгиликтүү өтүү максатында өткөрүлдү. Бул иш-чараны ОшМУнун БжМ (БиМ) факультетинин окутуучусу, э.и.к., доцент Ташмурзаева Г.Т. алып барды.

Семинар компьютердик тестирлөө каанасында өтүп, анда баалоо каражаттарынын түрлөрү, аларды түзүү, толуктоо жана жаңылоо маселелери каралды. Катышуучулар алып баруучуга көптөгөн суроолорду берип, толук жоопторду ала алышты.

297 16:30 04-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|