News

Кафедра окутуучулары Академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандагы ЖОЖдордо

Кафедра окутуучулары Академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандагы ЖОЖдордо Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. демилгеси, жетектөөсү менен "ФГ, КГ жана КСЕ" кафедрасынын окутуучулары: кафедра башчысы, г.и.к., доцент Шербаева З.Э., улук окутуучу Исакова У.И., "Э,С жана СГ" кафедрасынын окутуучусу Момошева Г.А. Өзбекстан Республикасынын Фергана өрөөнүндөгү жогорку окуу жайларында "Академиялык мобилдүүлүк" программасы боюнча лекция-сабак берип, студенттердин, магистрлердин көптөгөн кызытуу суроолоруна жоопторду берип келишти.

Жумуш сапары 2019-жылдын чын куран айынын 4,5де Анжиян, Кокон, Наманган жана Фергана шаарларын камтып, АндМУ, КМПИ, НамМУ жана ФерМУ окуу жайларындагы окутуучу-профессордук курам менен жолугушуу-баарлашуу, тажрыйба алмашуу, келечекке бирдиктүү кызматташуу жаатында пландарды түзүү менен иштиктүү аяктады.

967 17:31 10-04-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 >|