News

Илим жумалыгы

Табият таануу жана география факультетинде 2021-жылдын 19-23-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын президентинин "Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар" жөнүндөгү жарлыгына карата "Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер" аттуу илимий жумалыгы уюштурулду. Илимий жумалыктын ачылыш аземине ОшМунун илимий иштери боюнча проректору, м.и.д., профессор Осумбеков Б.З., Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарбаева Г.М.катышып, Табият таануу жана география факультетинин ОшМУнун илимий иштерине, университеттин эл аралык рейтингине чоң салым кошуп келе жатканын баса белгиледи. Ошондой эле факультеттин профессордук-окутуучулук курамы илимий эл аралык долбоорлорго, конкурстарга активдүү катышып, дүйнөлүк дэңгээлдеги Web of Scince, Scopus жана башка журналдарга илимий эмгектерин жарыялоо менен мыкты жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп келе жатканын айтып, факультеттин мындан ары өнүгүшүн каалап, колдоо көрсөтөөрүн билдиришти. Аталган жумалыктын негизинде Зоология жана жалпы экология кафедрасында бир катар иш-чаралар өткөзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө төмөндө аталган окутуучулар илимий баяндама жасашты:

Зоология жана жалпы экология кафедрасынын илимий иштери жөнүндө баяндама (докладчы: кафедра башчысы, б.и.к., доцент Абдыкааров А.М.)

Саркент мамлекеттик жаратылыш паркынын омурткалуу

жаныбарларынын фаунасы (докладчы: б.и.к., доцент Абжамилов С.Т.)

Сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттер үчүн аралыктан билим берүүнү оптималдаштыруу маселелери (б.и.к., доцент Көчкөнбаева Н.А.)

Кыргызстандын түштүгүндө жашаган балдардын жана

өспүрүмдөрдүн курак өзгөчөлүктөрү (БИОм-1-19 тайпасынын

магистранты Кадырова Саёра).

22-Апрель Бүткүл дүйнөлүк Жер күнү. (докладчы окутуучу

Ташбалтаева Ш.А., студенттердин экологиялык акциясы, акциянын

уландысы ОшМУнун ботаникалык багында улантылат)

219 17:34 22-04-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|