3-июнь күнү ОшМУнун илмий китепканасы эл аралык онлайн семинарга катышты
17:18
05-06-2020
712
ОшМУнун илимий китепканасы 2020-жылдын 3-июнь саат 10-00 (Москва убактысы боюнча) Россиянын жогорку окуу жайлары менен «Возврат книг в библиотеку в условиях карантина» деп аталган темадагы онлайн-семинарга катышты.
Семинарда: карантин учурунда китепти кандайча китеканага кайтарууга болот?, кайтарылган китептерди карантинге алуунун же залалсыздандыруу кажети барбы?, деген теманын үстүндө талкуу жүргүзүлдү. Семинарга чакырылган эксперттер: В.А.Васильева В.А. СЗИУ РАНХиГС, китепкана башкармалыгынын орун басары, Морозова С.А. Герцен атындагы РГПУ китепканасынын директорунун орун басары, Обновленская М.В., СтГАУ илимий китепканасынын директору, Струков Е.Н. КФУ илимий китепканасынын директору, Терехова М.В. СибГМУ илимий-медициналык китепкананын директору болушуп, карантин мезгилиндеги жогорку окуу жайлардагы китепкана иши боюнча өтө кызыктуу иш тажрыйбалары менен бөлүштү.
Уюштуруучу: «ЛАНЬ» басма-үйүнүн коммерсиялык директору: Ельский Ю.М.