News

“Инвентаризацияны өткөрүү жана анын жыйынтыгын документтештирүү, бухгалтердик отчетту түзүү технологиясы” предметинин студенттери инвентаризация жүргүзүштү

2021-жылдын 10-апрелинде, “Инвентаризацияны өткөрүү жана анын жыйынтыгын документтештирүү, бухгалтердик отчетту түзүү технологиясы” предметинен студенттердин практикалык жөндөмүн арттыруу максатында колледждин жетекчилигинин уруксаты менен бухгалтериядан документтер алынып, 2 топтон турган инвентаризациялык комиссия колледждеги стол, стул, шкаф ж.б. мүлктөргө инвентаризация жүргүзүштү. Инвентаризациянын жүрүшүндө документтердеги маалыматтар менен фактылык маалыматтардын айырмачылыктары аныкталып, шарттуу түрдө тиешелүү документтер түзүлгөн. Инвентаризациянын жыйынтыгында түзүлгөн комиссиялар отчет беришип, текшерүүчү кандай сапаттарга ээ болуш керек экендигин, материалдык жоопкер тараптын жоопкерчилигин, ишмердүүлүктүн ар бир кыймылын кандай документтештирүүнү терең түшүнүштү.

Иш-чаранын уюштуруучусу, предметтен берген окутуучу Исаков К.А.

246 10:52 13-04-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|