News

ФКК-1-18, ННК-1-18, БДК-1-18 тайпаларына конок лекция болуп өттү.

28.03.2021-күнү Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучусу Ч.К.Муратованын уюштуруусу менен ФКК-1-18, ННК-1-18, БДК-1-18 тайпаларына конок лекция болду. Лекцияны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору Маткасымов Адилбек Айдаралиевич өтүп, пайдалуу маалыматтары менен бөлүштү. Ар бир адистикке тиешелүү мыйзамдык база, ишкерлерди колдоо, кызматкерлердин укуктары боюнча лекция окуп, суроо-жооп талкуу менен жыйынтыктады.


226 10:41 13-04-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|