News

“Насыялар жана анын түрлөрү” деген темада конок лекция болуп өттү.

2021-жылдын 2- апрель күнү Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары Г.Каримова, Сооронбек кызы Т, Советбек кызы Н. “Компаньон Банк” ЖАКтын Оштогу филиалынын өкүлдөрү менен Финансы (тармактар боюнча), банк иши адистеринин (БДК-1-18, ФКК-1-18, ФКК-2-18,ФКР-3-18) тайпаларынын студенттерине “Насыялар жана анын түрлөрү” деген темада конок лекция өткөрдүк. Лекцияны “Компаньон Банк” ЖАКтын директору Маткаримова Назгүл Тургуналиевна жана орун басары Туленбаев Элнурбек Заирбекович алып барды. Лекцияда банкта иштөө тартиби, кызматкерлер менен мамиле түзүү, акчаларды үнөмдөө, банктык кызматтар жана операциялар, аманаттарды топтоо боюнча студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар айтылды. Лекциянын соңунда студенттер кызыктуу суроолоруна жооп алышты. БДК-1-18 тайпасынын 4 студенти мамлекеттик практикасын “Компаньон Банк” ЖАКтын филиалында өтө турган болушту. Лекция өтө кызыктуу жана пайдалуу болду.

256 14:52 05-04-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|