News

“Депозиттер жана анын түрлөрү” деген темада конок лекция болуп өттү

2021-жылдын 25-март күнү Финансы жана бан иши ПЦКнын окутуучулары Г.Каримова жана Ш.Аскаралиевдин уюштуруусу менен “Компаньон Банк” ЖАКтын Оштогу филиалынан өкүлдөр келип, Финансы (тармактар боюнча), банк иши жана салык салуу адистиктеринин бүтүрүүчү курсунун студенттерине (БДК-1-18, ННК-1-18, ФКК-1-18, ФКР-2-18) “Депозиттер жана анын түрлөрү” деген темада конок лекцияда болушту. Лекцияны “Компаньон Банк” ЖАКтын директору Маткаримова Назгүл Тургуналиевна жана орун басары Туленбаев Элнурбек Заирбекович алып барды. Лекцияда банктагы операциялар жана кызматтар, акча топтоо, акчаны туура пайдалануу жана жаштар үчүн ачылган депозиттер боюнча студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар айтылды. Лекциянын соңунда студенттер кызыктуу суроолоруна жооп алышып, каалоочу студенттер электрондук капчыктарды банктын өкүлдөрүнүн жардамында ачууга да жетишишти. Лекция өтө кызыктуу жана пайдалуу болду.

262 16:45 29-03-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|