News

“Google Classroom платформасында иштөө мүмкүнчүлүктөрү” деген темада семинар уюштурулду.

26.01.2021 күнү “Финансы жана банк иши” предметтик циклдык комиссиясынын окутуучулары үчүн “Google Classroom платформасында иштөө мүмкүнчүлүктөрү” деген темада семинар уюштурулду. Семинарды аталган ПЦКнын окутуучусу Калбекова Махбурат Жамшитбековна алып барды. Семинарда окутуучулар үчүн аябай керектүү жана кызыктуу маалыматтар айтылды. Бөлүм башчысы О.Э.Абдрахманов Google Classroom платформасында иштөөнүн ыңгайлуу жолдору көрсөтүлгөндүгүн, бул платформаны сабак өтүүдө пайдалануу - заманбап технологияларды билим берүү процессинде колдонуу бүгүнкү күндүн талабына төп келээрин баса белгиледи. 

541 16:56 26-01-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|