Илим жумалыгына карата«Жаштардын руханий баалуулугу-адеп менен билимдүүлүк аттуу студенттердин илимий конференциясы
22:24
Илим жумалыгы алкагында КРнын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» (Бишкек шаары, 2021-жылдын 29-январы ПЖ №1) жөнүндөгү жарлыгына ылайык, «Жаштардын руханий баалуулугу-адеп менен билимдүүлүк» аттуу студенттердин илимий конференциясы болуп өттү.
Конференцияда теология факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары Асилбек Абдуганиевдин модераторлугунда:
1. Пратов Бактияр; «Заманчыл акындардын чыгармаларындагы адеп-ахлактык нормалардын тарыхый жана теологиялык анализи»;
2. Алиев Иляс; «Молдо Кылычтын чыгармаларындагы адептик, руханий баалуулуктарга теологиялык анализ»;
3. Максатбек кызы Гулназ; Куран мисалында личностту калыптандыруу маселеси»
4. Мамажанова Хуснида; «Адеп-ахлактын рационалдык жана диний негиздерине философиялык анализ»;
5. Исманов Ахрорбек; «Имам Матуридинин тавил түшүнүгү жана диний социалдык жашоонун негиздери» деген темада илимий баяндамаларын жасашты.
Баяндамалар бүткөн соң суроо-жооп жана кызуу талкуу болуп, жакшы каалоо тилектер айтылды. Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар берилди.
303 22:24 22-04-2021