News

Медицина факультетинде чет элдик студенттер менен жолугушуу онлайн форматта өттү.

03.11.2020-жылы Медицина факультетинин деканы Исмаилов Алимбек Адылбекович, декандын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Гульжигитов Максатбек Гульжигитович жана 1 - курстардын кураторлору ZOOM программасынын негизинде 500дөн ашуун студенттер менен онлайн форматта жыйын өткөрүштү. Мында медицина факультетинин "Дарылоо иши", "Педиатрия", "Стоматолгия" ,"Фармация", "Жогорку билимдуу мээрман иши" адистигинин 1- курстарынын студенттери мугалимдер менен эн эркин байланыша алышты. Студенттерден көптөгөн суроолор жана смс билдирүүлөр келип түштү. Суроолорго факультеттин деканы, декандын орун басары жана кураторлор студенттерге жеткилүктүү жоопторду беришти.
762 16:19 06-11-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|