News

ТТГФ: “Биринчи Матикеевдик окуулар” илимий семинары уюштурулду

2019-жылдын 4-декабрында ТТГФнин деканы, профессор А.Низамиевдин демилгеси жана география багытындагы эки кафедранын (кафедра башчылары, доценттер Шербаева З.Э., Самиев К.Т.) уюштуруусу менен менен КРнын билимине эмгек сиңирген ишмер, г.и.д., профессор К.Матикеевдин туулган күнүнө карата “Биринчи Матикеевдик окуулар” илимий семинары болуп өттү. Анда жаш окумушуулар жана магистрлер илимий баяндамалары менен чыгып, жыйынтыгында атайын түзүлгөн жюри тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай жана китеп түрүндө белектер тапшырылды. Ошондой эле семинар студенттер тарабынан уюштурулган куттуктоолор жана чакан концерт менен коштолду. Мындай иш-чара мындан ары жыл сайын салттуу түрдө професор К.Матикеевдин туулган күнүнө карата 5-декабрда өткөрүлөт жана материалдары өзүнчө жыйнак болуп чыгат.
1036 12:56 09-01-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|