News

ФТФда “Кыз адеби кымбат” суроо-жооп иретиндеги кече уюштурулду.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Физика-техника факультетинде ФЕ(б)-1-15 тайпасынын студенттери Маматжан кызы Гүлмээрим, Жаңыбай кызы Сүйдүмкан жана куратору Ш.Сыдыкова тарабынан факультеттин 1-3-курстарынын кыздарына “Кыз адеби кымбат” суроо-жооп иретиндеги кече уюштурулду. Кечеде кыздардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, өзүн алып жүрүүсү, кеп маданияты, адеп-ахлагы жана кийинүү маданияты боюнча талкуу болду. “Арак ичүүнүн үй-бүлөгө тийгизген кесепети”, “Ушундай жашаганга тобо кыл” жана “Окуучуларды таштап кетпе” деген темаларда видеороликтер коюлду. Адан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү өлтүрүүсүнө себеп болуп жаткан “Бейпил түн”, “Көк кит” жана “4,20 да мени ойгот” деген сыяктуу аттарды жамынып жүргөн виртуалдык оюндардын жаштарга тийгизген таасири тууралуу да кызуу талкууга алынды. Бул иш-чарага ОшМУнун Кыздар кеңешинин төрайымы Гүлнара Сейитказиева катышып, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын белгилеп, келечекте мындай кечелерди ар түрдүү форматта өткөрүү боюнча өз ойлорун айтты.
7751 09:40 13-02-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|