News

МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан китеп белек

МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын Алгебра жана Геометрия кафедрасынын ф.м.и.д., профессор Г.Матиева, ушул эле кафедранын улук окутуучусу Н.С.Селиванова жана МИОТ кафедрасынын п.и.к., доцент А.О.Келдибекова Андижан областынын Булак-Башы районундагы №29 кыргыз орто мектебинин окуучуларына 10000 сомдук китеп белек кылышты.

Окуучулар үчүн Ч.Айтматовдун 10 томдук чыгармалар жыйнагын, “1111 Баш катырма”, “Манас”, “Семетей”, “Кыргыз тили боюнча ЖРТга даярдык” сыяктуу жалпысынан 32 китепти №29 кыргыз орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулмирзаев Нодирбек Муйдиновичтен берилип жиберилди

856 12:03 24-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|