News

“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына арналган V илимий-практикалык конференциянын “Экономикадагы колдонмо математиканын жана информатиканын маселелери” аталыштагы III секциялык ишин бөлүм башчысы, доцент Д.И. Зулпукарова жетектеп, катчы Абдималик кызы Нуржан жардам берди. Алгач секциянын ишин ачуу үчүн кафедра башчысы, доцент Г.С. Ободоева куттуктоо жолдоп, ийгиликтерди каалады.

Кафедранын проф. Д.А. ТурсуновМaple пакетин илимий-изилдөөлөрдө колдонуу”, доцент Д.И. Зулпукарова “Аралыктан окутуудагы студенттер менен болгон кайтарым байланыштар: учурдагы абалы жана көйгөйлөр”, доцент Ж.А. Артыкова “Чоң берилгендерди иштетүү технологиялары”, I курстун аспиранты Г.А. Шамшиева “Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде”, 1 курстун аспиранты Бекмурза уулу Ы. “Санариптештирүү жылында аралыктан окутуу” темаларында баяндама жасашты. Жалпы 3 окутуучу, 2 аспирант, 3 магистрант, 1 студент баяндама жасашып, талкууланды. Мыкты баяндама жасаган студентге, магистранттарга, аспиранттарга байгелүү орундар берилди.

Студенттер арасында мазмундуу баяндамасы үчүн

1-орун: окутуучу Г.К. Садыкованын жетекчилиги менен ПИЭ(б)-1-16 тайпасынын студенти Арзыбек уулу Алымбек “Anylogic программасынын жардамында Ош шаарынын кесилиш жолундагы кыймылды моделдештирүү” темасындагы баяндама.

Магистранттардын арасында мазмундуу баяндамасы үчүн

1-орун: доцент Д.И. Зулпукарованын жетекчилиги менен ПМИ(м)-1-19 тайпасынын магистранты Абдималик кызы Н. “Электрондук окуулуктар окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуучу каражат катары” темасындагы баяндама;

2-орун: проф. А. Сайипбекованын жетекчилиги менен ПИЭ(м)-1-18 тайпасынын магистранты Абдраим кызы Гулина «Өнүккөн өлкөлөрдөгү булут технологиясынын чөйрөсүндө чоң берилгендердин санариптик экономикасынын өнүгүүсүн анализдөө» темасындагы баяндама.

Аспиранттар арасында мазмундуу баяндамалары үчүн

1-орун: I курстун аспиранты Г.А. Шамшиева Г.А. “Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде” темасындагы баяндама;

2-орун: II курстун аспиранты Бекмурза уулу Ы. “Санариптештирүү жылында аралыктан окутуу” темасындагы баяндама .

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө мындан аркы окууларына, иштерине ийгиликтер кааланып, сыйлыктар ыйгарылды.

1171 12:58 16-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|