News

Алгебра жана геометрия кафедрасында "Математиканын актуалдуу маселелери" аттуу секциялык иш алып барылды

2020-жылдын 13-майында МИТ факультетинде өткөрүлүп жаткан ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды коргоо жылына арналган “ Санарип окутуучу-санарип студент ” аттуу эл аралык on-line илимий жумалык жана V илимий-практикалык конференциясында алгебра жана геометрия кафедрасы тарабынан “Математиканын актуалдуу маселелери” аттуу № 2 секциялык иши алып барылды. Бул секциялык ишти алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, доцент Т.М. Папиева жетектеди, кафедранын илимий иштери боюнча координатору Ч.А. Мустапакулова секциянын катчысы милдетин аткарды. Эң алгач окутуучулар, магистранттар жана студенттер үчүн пайдалуу болгон «Кайтарым байланыш – бул дистанттык окутуунун күзгүсү» аттуу баяндаманы кафедранын доценти, ф.-м.и.к. Ч.Х. Абдуллаева жасады. Программа боюнча Kahoоt интернет платформасында катышуучулар үчүн “Математикалык викторина” өткөрүлүп, студенттер жана магистранттардын төмөндөгү баяндамалары угулду: Жайнакова Асила Бахадыровна – «Геометриялык түзүүгө берилген маселелерди компьютердин жардамында аткаруу» (ПМИ(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Папиева Т.М.); Жолдошбаев Мирлан Пазылович – «Чектүү убакытта кыймылдын резонанс аркылуу өтүүсү» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, проф. Алымкулов К.); Нурмамат кызы Замира – «Чексиз убакытта кыймылдын резонанс аркылуу өтүүсү» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, проф. Алымкулов К.); Аблазова Айкөкүл Алымовна – «Геометриялык фракталдарды PowerPoint программасында түзүү» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, проф. Матиева Г.); Маматова Айдана Гүлжигитовна – «Геометриялык фракталдарды түзүүгө берилген маселе жана аны компьютердик программалардын жардамында түзүү» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, профессор Матиева Г.); Салиева Аида Абжалиловна – « Геометриялык түзүүгө берилген маселе жана Блумдун таксономиясы» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: доцент Курбанбаева Н.Н.); Абдушүкүрова Айнура Нурланбековна – «Лобачевскийдин тегиздигинин моделдери» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, профессор Матиева Г.); Аманбаева Айжамал Каныбековна – «Минималдык беттер» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, профессор Матиева Г.); Абдираева Кулпунай Анарбековна – «Проективдүү тегиздикте өзгөртүп түзүүлөр» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.к., доцент Папиева Т.М.). Баяндамалар угулгандан соң, талкууланып, магистранттарга байгелүү орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1-орун: Жолдошбаев Мирлан Пазылович – «Чектүү убакытта кыймылдын резонанс аркылуу өтүүсү» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, проф. Алымкулов К.); 2-орун: Абдираева Кулпунай Анарбековна – «Проективдүү тегиздикте өзгөртүп түзүүлөр» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.к., доцент Папиева Т.М.); 3-орун: Маматова Айдана Гүлжигитовна – «Геометриялык түзүүгө берилген маселе жана Блумдун таксономиясы» (МК(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси: ф-м.и.д, профессор Матиева Г.).

1254 23:12 14-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|