News

МИТ факультетинде “САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ” аттуу он-лайн
илимий жумалык башталды

МИТ факультетинде “САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ” аттуу он-лайн илимий жумалык башталды

Аталган факультетте «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына, ОшМУнун 80 жылдык мааракесине арналган “Санарип окутуучу-санарип студент” аттуу он-лайн илимий жумалык жана V илимий-практикалык конференция башталды. Иш-чара 11-майдан 18-майга чейин улантылат.

11-майда он-лайн илимий жумалыктын салтанаттуу ачылышын ОшМУнун ректору, доцент К.Г. Кожобеков ачып, илим жумалыгынын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Ошондой эле ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор Б.З. Осумбеков, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, факультеттин деканы, доцент У.А. Сопуевдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Келдибай Алымкулович – «Санариптештирүү мезгил талабы», Кыргызстанда «Санарип академия» окуу курсунун негиздөөчүсү, «Санарип мугалим» республикалык сынагынын уюштуруучусу, Асылбек Мадалиев – «On-line билим алуунун жолдору», ОшТУнун маалыматташтыруу жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун башчысы, доцент К.А. Бокоев – «Билим берүүдөгү санариптештирүүнүн негизги проблемалары» , МИОТжББМ каф. башч., доцент А.Дж. Аттокурова – «Болонья процессинин 20 жылдык тарыхы», Россиянын Санкт-Петербург ИТМО университетинин “Визуалдаштырылган технологиялар” адистигинин магистранты Азамат Жалилов – «ИТМО университетинин маалымат системасы», инф. каф. проф., ф.-м.и.д. А. Сайипбекова – «Сабакты аралыктан уюштурууда компьютердик технологияны колдонуу» , ЖАМУнун маалыматтар технологиясы жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы А. Термечикова – «Студенттердин өз алдынча иши - окуу процессин уюштуруунун эң маанилүү бөлүгү» , Матанализ каф. башч., доцент А.К. Тойгонбаева – «Математикалык предметтерди дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуудагы өзгөчөлүктөр» , Прог. каф. башч. м.а., доцент Н.К. Аркабаев – «Программалоо дисциплиналарын on-line окутуудагы көйгөйлөр жана алардын чечимдери» деген темаларда баяндама жасашып, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Конференцияда 165 катышуучу болду. Жыйынтыгында ПМИ(б)-1-17 тайпасынын студенти Нурбек уулу Беганаздын “Мугалим” аттуу ыры менен студенттердин атынан окутуучуларды куттуктады.

“Илим жумалыгынын” алкагында окутуучулардын, студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын илимий баяндамалары жасалат, ошондой эле “ОшМУнун 80 жылдыгына” мыкты макала, “Санарип окутуучу – санарип студент” мыкты доклады, “Мыкты студенттик эмгек”, “Мыкты видеоролик” сынактары өткөрүлөт, - деди МИТ факультетинин илимий иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент Н.С. Беделова.

1215 10:17 13-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|