News

11-февраль, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети эл аралык байланыштар департаменти тарабынан уюштурулган жыйынга катышты.

11-февраль, 2021-жыл. Эл аралык байланыштар департаменти факультеттердеги декандардын эл аралык байланыштар боюнча орун басарлары менен биргеликте 2020-2021-окуу жылындагы кезектеги жыйынын офлайн түрдө өткөрдү. Ага 20га жакын координатор катышты. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 1. 2020-2021-окуу жылынын күзгү семестринде аткарылган иштер боюнча отчет. 2. Факультеттердин сайттарындагы эл аралык байланыштардын абалы. 3. Экинчи семестрде академиялык мобилдүүлүккө катышууну каалаган студенттер менен аткарылып жаткан иштер. 4. Биргелешкен билим берүү жана кош диплом программаларын түзүү боюнча сунуштар. 5. ЭАБДнын сайтына илинүүчү фотографияларды даярдоо. 6. Координаторлор жөнүндө жеке маалыматтарды топтоо. 7. Суроо-жооп. Чогулушта директор Абдыганы Осмонович модераторлук кылып, кесиптештеринин отчетторун уккан соң, пандемия шартына карабастан окуу жайдын сырткы байланыштарын өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү боюнча өткөн семестрде бир топ ийгиликтүү иштер аткарылгандыгын белгиледи. Борбордук Азия университеттеринин башын бириктирген онлайн жыйынды ОшМУ уюштургандыгын, 10го жакын университеттер менен келишимдер түзүлгөндүгүн, 100гө жакын студент орус тили, 20 окутуучу кесибин жогорулатуу курстарынан өткөндүгүн, көптөгөн тренингдер, семинар-вебинарлар өткөрүлүп, ага окутуучулар жигердүү катышкандыгын, Фергана мамлекеттик университетинин 98 студенти онлайн мобилдүүлүктөн өткөндүгүн ж.б. мисал катары келтирди. Алдыда кош дипломдуулук программаларын, академиялык мобилдүүлүктүн онлайн формасын активдештирүү тапшырмасын берди. Бөлүм башчы С.М. Амиралиев “Факультеттердин сайттарындагы эл аралык байланыштардын абалы” деген темада презентация жасады. Өз докладында ал ар бир структуранын сайттарынын эл аралык байланыштарга тиешелүү баракчаларын тыкыр карап чыгып, жайгашкан материалдарды анализдеп, артыкчылыктарын жана жетишпестиктерин айтып, үлгүлүү иштерди жасаган түзүмдөргө дагы токтолду. Бул жаатта медицина, тарых жана чыгыш таануу, дүйнөлүк тилдер жана маданият, математика жана информациялык технологиялар ж.б. факультеттер алгылыктуу жумуштарды жасагандыгын белгиледи. Жыйынтыгында структуралардын сайтынын эл аралык байланыштарга тиешелүү бөлүгүнө карата төмөнкүдөй пункттарды сунуштады: 1. Тарыхы кыскача (качан түзүлгөн, кимдер иштеген ж.б.). 2. Келишимдер жана меморандумдар (факультеттер, кафедралар аралык (ар бир кафедранын илимий ишмердүүлүгү сыяктуу эл аралык ишмердүүлүгү болуусу зарыл)). 3. Жарыялар/кулактандыруулар. 4. Өткөрүлгөн иш-чаралар. 5. Келечектеги перспективалык пландар (көп жылдык). 6. Академиялык мобилдүүлүк (керектелүүчү документтер, тандоо критерийлери ж.б.). 7. Чет тилдеринде окутулуучу ББП. 8. Кош дипломдуулук жана биргелешкен билим берүү программалары. 9. Онлайн жана конок лекциялар. 10. Эл аралык программалар жана долбоорлор. 11. Фотогалерея (видеороликтер). 12. Отчеттор. 13. Координатор боюнча контакттык маалымат (телефон, корпоративдик почта ж.б.). Сунушталган долбоор боюнча координаторлор өз ой-пикирлери менен бөлүшүп, айрым пункттарды кыскартуу зарыл экендигин билдиришти. Жыйындын соңунда эл аралык байлаштар департаментинин жаңы сайтына жүктөлүүчү материалдарды толуктоо максатында фотосессия уюштурулду. Мындан ары студенттер департаменттин сайтынан өздөрүнө тиешелүү факультеттин координатору боюнча контакттык маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
406 12:55 14-02-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|