News

29-апрель, 2020-жыл. Чыныгш таануу жана тарых факультетинде Илим жумалыгынын алкагында студенттик онлайн-илимий конференция уюштурулду.

29-апрель, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата Илим жумалыгынын алкагында ZOOM платформасынын негизинде “Илим жана жаштар” аттуу студенттик онлайн-илимий конференциясы уюштурулду. Анда студенттердин илимий иштеринин презентациялары жасалды. Студенттердин баяндамалары: 1. Ырысбек кызы Нуркан (И(б)-1-18 тайпасынын студенти) – “Памирлик кыргыздар: тарыхый-этнографиялык жана маданий изилдөө” 2. Токтобаева Аксана (И(б)-1-17 тайпасынын студенти) - Бала укуктарын коргоо - мамлекеттин келечеги 3. Идирисова Севара (И(б)-1-17 тайпасынын студенти) – “Кыргыздардын салттуу кийимдеринин мааниси жана маңызы (кыргыз аялдарынын баш кийими - “элечектин” мисалында)” 4. Заидов Азирет (И(б)-1-17 тайпасынын студенти) - Турдакун Усубалиев - Мамлекеттик ишмер жана көрүнүктүү инсан катары 5. Абдимусаева Элнура (И(б)-1-19 тайпасынын студенти) - Кыргыздын каада-салтындагы балага ат коюунун өзгөчөлүктөрү 6. Мулдалиева Адина (И(б)-1-19 тайпасынын студенти) - Дин жана каада-салт: окшоштуктарына жана айырмачылыктарына саресеп 7. Келдибек кызы Акмарал (И(б)-1-18 тайпасынын студенти) – Кыргызстандагы тарыхый эстеликтер: кечээ, бүгүн жана эртең. 8. Болотбекова Д. (ВА(б)-1-18 тайпасынын студенти) - "Кыргызстан и Узбекистан: сотрудничество в культурно - гуманитарной сфере". 9. Нурматова С. (ВА(б)-3-18 тайпасынын студенти) - "Основные этаптары кыргызско-японских дипломатических отношений". 10. Эшмурат кызы О. (ВА(б)-1-19 тайпасынын студенти) - "Кыргыз-Иран дипломатиялык мамилелери: абалы жана келечеги" Онлайн-конференцияга 60 тан ашуун катышуучу катышты. Өзгөчөлүгү конференцияда көп тилдүүлүк орун алып, студенттер англис, түрк, орус тилдеринде баяндама жасаганга жетишишти. Жыйынтыгында, факультеттин деканынын м.а., т.и.к., доцент Арстанов С.А. илим жумалыгына активдүү катышкандарды, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, магистранттарды, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн онлайн форматта даярдалган электрондук Грамоталар менен сыйлады. Маалыматтар Ютуб социалдык тармактарына жайгаштырылды. https://youtu.be/5OdPlPUMEhQ https://youtu.be/uDJZzTcwJ5k https://youtu.be/I1vNqe9KKqo https://youtu.be/GsgGF9vZWig
1021 17:02 01-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|