News

28-апрель, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Илим жумалыгы кафедраларда өткөрүлдү.

28-апрель, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Илим жумалыгы кафедраларда өткөрүлдү. ОшМУнун ректору тарабынан жарыяланган эл аралык, республикалык, регионалдык илимий конференциялар жумалыгынын алкагында Чыгыш таануу жана тарых факультетинде 2020-жылдын 28-апрелинде “Коомдук-гуманитардык билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер” деген темада республикалык онлайн-конференция өткөрүлдү. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин ар бир кафедрасы ZOOM программасын пайдалануу менен төмөнкүдөй багыттарда иш алып барды: 1) “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедрасында Ош технологиялык университетинин доценти, т.и.к. Марасулова Н.А. “Кыргызстандагы балдардын социалдык абалы жана аны чечүүнүн жолдору” деген темада баяндама жасады. 2) “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасында Ош мамлекеттик юридикалык институтунун илимий иштер боюнча проректору, т.и.д., профессор Абытов Б.К. “ОшМУ: кечээ, бүгүн жана эртең” деген темада баяндама жасады. 3) “Чыгыш таануу” кафедрасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Антропология, технология жана эл аралык өнүгүү программасынын доценти, PhD доктор Рахимов Руслан “Востоковедение в Кыргызстане: современное состояние и перспективы” деген темада баяндама жасады. Конференцияга факультеттин окутуучулук-профессордук жана студенттик курамынан сырткары Ош шаарындагы жана республикабыздын башка аймактарынын ЖОЖдорунун өкүлдөрү да катышты.
1118 14:36 29-04-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|