News

КФжЖ факультети, "Илим жолундагы саякат"

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №2 ФАКТжАПК кафедрасы тарабынан 2020-жылдын 12-майында өзүбүздүн Митал агай менен "Илим жолундагы саякат" деген темада онлайн-баарлашуу болуп өттү. Вебинарга ЖАМУнун, ОшТУнун, ОГПИнин, КУУнун жана БатМУ, Кызыл-Кыя тоо техникалык колледжинин окутуучулары, аспирант, магистранттар болуп, жалпысынан 84 катышуучу болду. Агай илимий макала жазуу, эл аралык илимий конференциялар, проекттерге катышуу жөнүндө кызыктуу баяндама жасады. Өз кесибин сүйгөн агайыбыз 200 дөй илимий макаланын автору. Эл аралык конференцияларга Кытай, Япония, Малазия Монголия, Туркияга төрт жолу - Анкара, Карс, Бурса, Изник, Европа Окумуштуулар уюмунун чакыруусу менен Швецарияга, Алтайга эки жолу, Санкт-Петербург, Казакстан, Тажикстан мамлекеттерине барып катышып, өзүнүн илимий докладдарын окуган. Автордун мазмундуу баяндамасынан кийин катышуучулар өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты. Баарлашуу 3 саатка созулду. Сонунда илимге болгон жаштардын кызыгуусу артты. Илимпоз окумуштуу агайыбызга терен ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, иштерине ийгилик кааладык.
779 18:45 15-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|