News

Уурданып жүрүп үйрөнгөн талат

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти, 14- майда өтүлгөн “Жыйырманчы жаз” аттуу кеченин автору Жумабек уулу Элчибек:

Жайлоого кеткен жол, чыгармачылыкка жеткен жол

Көк челген бийик дүйнөнүн – күн түнөгөн кыл чокулуу улуу тоолордун мекени Ой –Тал айылында 1997 – жылы 25 – майда төрөлгөмүн. Балалыгым ак кар баскан тоолордо, жайлоодо өттү. Эмнегедир жаш кезимде уккан ырларымды жаттап алчумун. Айылдан жайлоону көздөй бара жатканымда жаттаган ырларымды ат үстүн сахна кылып ырчылардай болуп ырдап, кыял күүсүн чертер элем.

Уурданып жүрүп үйрөнгөн талант

Негизинен аккардеон тартып ырдап калышым атамдан өткөн шык, атамдан өткөн мурас. Анткени, биз эс тарткандан бери билем биздин үйдө дайым аккардеон турчу. Атам эшикке чыгып кеткен кездеринде уурдана калып бир-эки ырды үйрөнүп кармалай калчумун. Атам кирип калса коё коюп, эшикке чыгып кетсе кайра ала коюп кичинеден кыңылдатып жүрүп үйрөнүп алгамын.

“8 - класстагы чексиздик саны чыгармачылыктын чексиздигине багыттады”

Мектепте окуп жүргөндө 8 – класстан баштап, майрамдарда аккардеон тартып ырдап жүрүп, чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдарым, алгачкы кызыгууларым ойгонду. Ошондон кийин каректе күйгөн дүйнөнү акардионго салып ырдай баштадым.

Бир эле аткаруучу эмес акын студент

Бир күнү табият таануу сабагынан эжекебиз кирип каалаган темада ыр жазабыз деп калды. Баарыбыз отуруп ыр жазып, окуп бердик. Соңунда эжекеме мен жазган ыр жакканбы, мени аябай мактады. Эжекенин стимулунан кийин эмнегедир акындык шык пайда болду. Андан кийин көп ырларды жаздым, аларга обон чыгарууну да ойлодум. Айтор, ыр жазганда да, обон жазганда да оор учурду башыңан өткөрүп жазат экенсиң. Ошол себептен оор учуруңа кайра кайтуу кыйын болдубу обон жаза албадым. Буйруса обон да жазам.

“308” музам

Бир күнү сүйлөшкөн кызымы үйүнө узатып бараткам. Күн аябай нөшөрлөп жаап жаткан. Ошол учурдагы жамгырдын тамчылары, бакыттын тамчылары эле. Ал жатаканада 308 – бөлмөдө жашачу... Жанымда сулуу бийкеч, айланада жамгыр, көөдөнүмдө ыр, бактылуу учур “Нөшөрлүү жамгырда” ырыма муза болду.

“Жыйырманчы жаз”

Поэзия кечесин, ыр кечесин өткөрүүнү кыялданып жүргөмүн. 2017 - жылдын жыл жыйынтыгы болуп, университет тарабынан “Алтын үн” деген номинация берилип, кыялдарымдын ишке ашышына өбөлгө түзүп, 14 – майда очёттук “Жыйырманчы жаз” аталышындагы концертимди бердим. Бир профессор окуучуларынан “Өзүңүздүн жетишкендиктериңиз үчүн кимге милдеттүүсүз?” деген суроо берип, баарынан бир эле “Устатыма” деген жооп алган экен. Бул концертимин өтүшүндө устатым Жалалов Эламан агайымын салымы чоң. Устатыма таазим!

Кылымга тете күн

Концертимдин өтүшүнө көмөгүн көрсөткөн Ош МУнун жалпы жамаатына, устатым Жалалов Эламан агайыма, вокалдан сабак берген Инанбекова Айткан эжекеме, мени колдоп келип берген айылдаштарым, жалпы конокторго ыраазычылыгымды билдирем! Бул күндө айтылган каалоо тилектер, берилген ак баталар, ишенимдер – кылымга тете күн болду...

“Нөшөрлүү жамгырда”

Бара жатсам чачтан тамчы сарыгып,

Улуу жаздын жамгырына кабылып.

Ууртунуп мандайымдан кезиктиң,

Унуталбай жүрдүм эле сагынып.

Кез келишүү кандай сонун капыстан,

Жасалмасыз көздөр, жүздөр басыштар.

Көздөрүңдөн көрүп алып сагыныч,

Күнгө окшоттум чыгып алган батыштан.

Сен кайрадан жүрөккө от жараттың,

Аёо карап сезимге нур тараттың.

Кадамдарым жылган сайын сен жакка,

Сен да жылып мендик болуп бараттың.

Биздин сүйүү айланага чачырап,

Тарап жатты жамгырдан да батыраак.

Кош сезимге жуунушуп тамчылар,

Жер үстүнө бакыт болуп чачырайт.

Эх, жаздын демин сезе албагам мынчалык,

Ак – Буура да агып жатты таңданып.

Бүт теребел жанымдагы күнүмдөн,

Ойгонушту таң атты деп алданып.

Сен жүрөккө сүйүү ырын жаздың да,

Мен узаттым жазгы кооздук салкында.

“308” түбүндө көпкө туруп,

Үйгө кайттым нөшөрлөгөн жамгырда

3099 16:05 01-06-2018

                 

News

|< 1 >|