News

“Эразмус+” эл аралык программасынын алкагында проекттерди жазып, заявкаларды берүүгө багытталган жыйын болуп өттү

Бүгүн 2017-жылдын 28-сентябрында ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.О. Абдувалиев окуу жайыбыздагы проект жазууга, инвестиция тартууга, гранттарды алууга аралашып, анын жол-жобосун мыкты билип калган окутуучуларыбызды чогултуп, “Эразмус+” эл аралык программасынын алкагында проекттерди жазып, заявкаларды берүүгө багытталган жыйын өткөрдү. Көп түкүрсө көл болот, көптөн көп акыл чыгат демекчи, агай-эжейлерибиз өздөрүнүн потенциалдарын ортого салышып, жарык идеялары менен бөлүшүштү. Келечекте Иншаллах ОшМУда эл аралык денгээлдеги мыкты иштер аткарылмакчы!
2470 16:18 29-11-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|