News

Ачык сабак

Тилдер дисциплинасы циклында ачык сабактардын сериясы башталды Ачык сабак дегенде баарыбыз мыкты сабактын үлгүлөрүн түшүнөбүз. Мына ушундай сабактарды көрсөтүү демилгеси ИПКнын тилдер дисциплинасы циклында башталды. Талкуудан өткөн окутуучулардын план-иштелмелери практика жүзүндө апробацияланды. Эң мыкты сабактар өтүлүп, эң мыкты усул-тажрыйбалар көрсөтүлдү. 5-декабрда орус тилчи окутуучулар Ч.Раимбердиева, Н.Нуралиева жана англис тилчи окутуучу У.Абдыкадыровалар мыкты сабак өтүшүп, студенттердин да, окутуучулардын да ыраазычылыгына ээ болушту. "Мындай сабактар дагы да улана берет. Технология өнүккөн сайын, биз да ар тараптуу өнүгүп, билим берууну алдыңкы планга коюшубуз керек" дейт цикл жетекчиси Бактыгүл Байтикова. Сабактар бүткөндөн кийин, анализденип, пикирлер айтылып, окутуучуларга ийгиликтер кааланды. Окутуучулар сабактарды адистик менен байланыштырып, англис тили менен орус тилин айкалыштырып өтүштү. Мындай ыкма алардын эң мыкты жетишкендиги болду. Ачык сабактардын сериясы уланууда Онлайн окутуу окутуучуларга бир топ эле түйшүктү туудурат. Ошентсе да, иш бар жерде ийгилик да, кемчилик да болот, эң башкысы тажрыйбага, үйрөтүүгө, үйрөнүүгө, жоопкерчиликке жол ачылат. ИПКнын Тилдер дисциплинасы циклында ачык сабактарды өтүү, тажрыйбаларды жайылтуу саамалыгы уланып жатат. 10-декабрь күнү англис тили окутуучусу Салтанат Бакиева жана кыргыз тили окутуучусу Кенже Темиркуловалар ачык сабак өтүштү. Онлайн өтүүдө мыкты ыкмалар, мыкты тексттер студенттердин кызыгуусун арттырып, сабак эң жогорку деңгээлде болду. Окутуучулар онлайн байланышында да студенттерди сабак окууга, өз алдынча даярдануусуна, топтордо иштөөсүнө шык жаратып, мыкты сабактын үлгүсүн көрсөтүштү.
566 22:54 22-12-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|