News

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Илим жумалыгы өткөрүлдү

Бүгүн,2020- жылдын 30- апрелинде индустриалдык- педагогикалык колледжинде "2020- жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештируу жана балдарды колдоо" жылына, ОшМУнун 80-жылдык мааракесине, Улуу Ата Мекендик согуштун 75- жылдык Улуу Жеңишине арналган ОКББ коомдук илимдер кафедрасы тарабынан ОшМУнун Илим жумалыгынын алкагында онлайн(zoom) конференциянын салтанаттуу ачуу аземи уюштурулуп,жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Бул конференция 3 бөлүктөн турганын Конференцияга К. Карасаев атындагы БГУнун, ЖАМУнун, ОшТУнун, КОУнун белгилүү окумуштуулары катышып, баяндамаларды жасашты.Салтанаттуу аземди индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору,доцент Шаимкулов Олжобай Акматович ачып,илим жумалыгына ийгилик каалады.ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.м.и.к.,доцент Анарбаева Г.М. куттуктоо сөзүн айтып,ИПК дагы алгылуктуу иштер жасалып жатканын баса белгиледи.Коомдук илимдер кафедрасынын башчысы,доцент Г.А.Анарбаева эжеке ийгилик жумалыгында бир канча актуалдуу баяндамалар угулаарын жана бул конференция өзгөчө форматта өтөөрүн белгиледи.Конференциянын модератору коомдук илимдер кафедрасынын доценти, колледждин илимий иштерине жооптуу Туменбаева Г.Б.өз ишин түзүлгөн программа менен баштады,Көптөгөн жаш аспиранттар,окутуучулар,аксакал агай - эжекелер да конференцияга активдүү катышып,кызыктуу баяндамаларга талкуу менен кошумча мазмундуу маалыматтар менен тааныштырышты.
1207 23:31 01-05-2020

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|