News

№2-жатаканада 2018-жылы жыл ичи аткарылган иштер боюнча маалымат баяндамасы.

ОшМУнун административдик - чарба департаментинин коменданты тарабынан 2018-жылда аткарылган жумуштары боюнча маалымат.

Окуу корпус (жатаканалар)боюнча маалымат.

Корпус( жатакана) аталышы

№ 2-жатакана

Комендант

Юлдашов Мурзахмат Назарович

Байланыш номери

0776-56-84-85

Отчет тук мезгил

Кыш

I Б ӨЛҮМ. ЖЕТИШКЕНДИКТЕР. (Ар бир айга аткарылган иштер боюнча баяндап жазыңыз)

Аткаруу убагы

Жазуу баяндамасы

1

Январь

Кышкы эс алуу мезгилинде студенттердин келишине карата ашкана, жуунучу жай, ажатканаларды, полдорду бир катар сырдап даярдадык. Жатакананын коридорлорун баштан аяка жууп тазалап даярдадык. Анча - мынча жарыктандырууларды орнотулду. Газ плиталарды жана духовкаларды ремонттоп, тазалап кээ бир тетиктерин алмаштырып даярдадык.

2

Февраль

Студенттердин келишине бөлмөлөрдүн жылуулугун текшерилип даярдалды. Жуунучу жайды бир катар ремонттоп (үстүртөн) душевой смесительдер жаңыланды. Айлана -чөйрө тазаланды. Биринчи кабаттагы «Адис» окуу борборундагы тигүүчү каана ремонттон өткөрүлдү. Окуу корпусундагы кээ бир студенттик блоктор сырдалды.

3

Март

Жаз айынын келиши менен бак дарактарды жана арчаларга кантовкалоо иштерин жүргүздүк, суу агуучу арыктар тазаланып, жерлер жумшартылып гүлдөр олтургузулду. Жатакананын сырткы дубалынын шыбагы көчүп кеткендиктен өзүбүздүн күчүбүз менен кайра шыбалып, өз калыбына келтирилди. Ар ишемби күндөрү ишембиликтерди өткөрүп жатакананын багы жана короосу тазаланып турулду.

4

Апрель

№ 2- жатакананын техникалык жана өрт коопсуздугу үчүн электр зымдары текшерилип 325, 407- бөлмөлөрдөгү ашыкча электр зымдары алынып, керектүүсүн кабельный канал менен бекитилип,техникалык коопсуздуктан өткөрүлдү жана өрт коопсуздугу үчүн давлениясы түшүп калган өрт өчүрүүчү шаймандар толтурулуп келинди. Кошумча чыгуучу эшиктер ачылып анын ключтору кутучага салынды. Имараттын жол жак тарабы толук сырдалып ремонттон өттү.

5

Май

Май айында студенттер кете баштагандыктан бөлмөлөрдү оң абалда кабыл алуу иштери жүргүзүлдү. Айнек -терезелерди жаап ачкычтарды кабыл алып студенттерге берилген эмеректерди жана матрац, төшөктөр, жастыктарды кабыл алуу иштери жүргүзүлдү.

6

Июнь

Кышкысын жылуулук берүүчү регистрлерге кир толуп суу жүгүрүүсү басандаганына байланыштуу аларды тазалап, орнотуп задвижкаларын ревизиядан өткөрдүк, техникалык жана өрт коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп төрт даана плакаттар алып келинип илинди. Жатаканада өрт өчүрүүчү гидрант жайгашкандыктан ага өрткө каршы щит орнотуп винтели эски болгондуктан аны жаны винтельге алмаштырдык.

7

Июль

Студенттер кетип кезектеги ремонт иштери башталып, жатакананын биринчи кабаттан төртүнчү кабатка чейин коридорлор, тепкичтер, ажатканалар, ашканалар, жуунучу жайлар толук ремонттон өткөрүлдү.Окуу корпусундагы студенттик блоктор жана олтургучтар сырдалды. Кээ бир сынып калган кроваттарды ширетип, оңдоп-түзөтүп сырдалды.

8

Август

Студенттердин келишине жатакананын толук даярдыктан өткөрүлүп суу түтүктөрүн текшерип, иштебей калган смесительдерди алмаштырып оң абалга келтирилди. Студенттердин жуунучу жайы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Студенттердин келишине жатакана даяр.

9

Сентябрь

Студенттер келип аларды жайгаштыруу иштери башталды. Жетишпеген эмеректер студенттерге толук камсыздалып берилди.

10

Октябрь

Жатакананын жылуулук берүүчү түтүкчөлөрү текшерилди жана циркуляциясын жакшыртуу максатында кошумча аба чыгаруучу винтельдери жаңыланды. Жатакананын жылуулук берүүчү системасы кыш мезгилине толук даярдалды. Күн сайын имараттын тазалыгы каралууда.

11

Ноябрь

Чет өлкөдөн алып келинген эки даана көчөттөр эгилди. Адис борборундагы жарыктандыруулар толук жаңыланды. Адис окуу борборунун коридорунун бир бөлүгү бир каана болуп бөлүнүп окуу процессине берилди.

12

Декабрь

Жатакананын айлана -тегерегине таштанды салуучу урналар орнотулду. Жатакананын электр эсептөөчү шайманы жаңыланды.

II БӨЛҮМ. КӨЙГӨЙЛӨР.( Иш учурунда кандай көйгөйлөргө кезиктиңиз жана сиз аны кантип чечтиңиз?)

Убагы (айы)

Көйгөйлөрдү кантип чечтиңиз?

1

Январь

Көйгөй болгон жок

2

Февраль

Жатаканада кээ бир студенттер плита сайып алып көйгөй жаратып алардын плитасы алынып турулчу жана аларга централдык жылуулук берилип жаткандыгын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттым.

3

Март

Көйгөй болгон жок

4

Апрель

Жаз мезгили болгондуктан студенттер сырта топ ойношуп айнек, терезелерге көйгөй жаралчу аларга түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп спорт аянтчасында ойноо үчүн багыт берип турчумун.

5

Май

Көйгөй болгон жок

6

Июнь

Кээ бир студенттер бизден алган эмеректерди тапшырбай кетип калган учурлар болот ошолор бир аз көйгөй жараткан учурлар кезигет..

III БӨЛҮМ. АЛДЫДА АТКАРЫЛУУЧУ ИШТЕРДИ БАЯНДАП ЖАЗЫҢЫЗ.

1

Суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен аларды жаңылоо жана суу эсептегич приборун орнотуу.

2

Газ плиталардын тетиктерин жаңылоо

3

Окуу корпусунун кээ бир эшиктерин алмаштыруу.

4

Окуу корпусунун кире беришиндеги козерогту бир катар оңдоо

IV БӨЛҮМ. СУНУШ-ПИКИРЛЕР.

1

№ 2 - жатакананын айнек -терезелерин заманбап темир пластикалык айнек -тезелерге алмаштырып берүүнүздү сунуштайм.

V БӨЛҮМ. CҮРӨТ(аткарылган иштер боюнча сүрөт тиркелсин).

Отчет түзүлдү

Түзүлгөн датасы: ___18.12. 2018ж____________________

(Аты жана фамилиясы)

Отчетту түзгөн: Юлдашов Мурзахмат Назарович

(Колу) ____________________________________________

1734 15:25 18-12-2018

                 

News

|< 1 >|