Announcement

КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты ф.и.д., профессор Т.Аширбаевдин 70 жылдык мааракесине арналып өткөрүп жаткан “Мамлекеттик тил: актуалдуу маселелер жана окутулуш абалы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга чакы

Маалымат кат Урматтуу коллегалар! Ош мамлекеттик университети Сиздерди КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты ф.и.д., профессор Т.Аширбаевдин 70 жылдык мааракесине арналып өткөрүп жаткан “Мамлекеттик тил: актуалдуу маселелер жана окутулуш абалы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга чакырат. Конференция 2018-жылдын 23-сентябрында болот. Конференциянын өтүү жайы – Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331, Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун Чоң актылык залы. Конференциянын иш тартиби: 09.00 – 09.30 – конференциянын катышуучуларын каттоо 10.00. – 12.00 – конференциянын пленардык кеңешмесинин ачылышы, концерттик программа 12.00дөн – 13.00гө чейин түшкү тыныгуу Секциялык иштер 13.00дөн – 16.00гө чейин болот. Конференцияда төмөндөгү багыттар боюнча иш алынып барылат: - Т.Аширбаевди эскерүү баяндамалары - Кыргыз тилинин теориялык жана практикалык маселелери - Азыркы түрк тилдеринин проблемалары - Мамлекеттик тилди окутуунун проблемалары - Кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери жана аны окутуунун жол-ыктары - Кыргыз журналистикасынын актуалдуу маселелери жана котормо теориясы Конференцияга катышуу шарттары: Илими-практикалык конференцияга катышуу үчүн темаларды 15-августка чейин, ал эми кыргыз, орус тилдеринде даярдалган баяндамалардын же макалалардын кагаз түрүндөгү жана электрондук вариантын 2018-жылдын 30-августуна чейин Ош шаары, А.Масалиев кең көчөсүнүн – 33тө жайгашкан ОшМУнун № 2 окуу корпусундагы (ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультети) 101-кабинетине тапшырыңыздар же filolog. Oshsu. kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр. Тапшырылган материалдар конференцияга чейин алдын-ала чыгарылат. Макалага коюлуучу талаптар: Текст Word редакторунда Times New Roman 14 шрифте, саптар аралык интервал 1,5 болуп, көлөмү 7 беттен ашпоосу керек. Макалалар кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотациясы, өзөктүү сөздөрү менен коштолуусу зарыл. Макаланын автору ар бир бет үчүн 100 (жүз) сомдон төлөйт. Ушундай талаптарга жооп берген конференциянын илимий макалалары “ОшМУнун жарчысы” журналына жарыяланат. Конференция саат 10.00дө башталат, конференциянын катышуучуларын каттоо 9.30дан 10.00гө чейин жүргүзүлөт. Кошумча маалыматтар үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Ош шаары А.Масалиев кең көчөсү – 33тө жайгашкан кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин имаратынын 101-кабинети (Кыргыз тил илими кафедрасы). Тел. (03222) 87693, 87502 aichurok.89kg@mail.ru Уюштуруу тобу.
5941 10:34 01-06-2018

                 

Announcement

|< 1 2 3 >|