News

Окутуучулар үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы” деген темадагы тренинг-семинарлардын цикли өткөрүлө башталды

Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан 3-ноябрдан тартып “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы” деген темадагы тренинг-семинарлардын цикли өткөрүлө башталды. Бул окуу жылындагы алгачкы тренинг-семинарлар 3-ноябрда ОшМУнун Оштогу медколлежине жана 6-ноябрда математика жана информациялык технологиялар, искусство факультеттерине өткөрүлүп, жалпысынан 80ден ашуун окутуучулар, магистранттар катышышты. Семинарларда илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруу маселелери, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн негизги этаптары, илимий макаланы даярдоо ж.б. маселелер боюнча илимий иштер боюнча проректор, профессор Т. Т. Жумабаева, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г. М. Анарбаевалар тарабынан баяндамалар жасалып тренингдер өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар суроо-талапка ылайык мындан ары да улантыла бермекчи. Каалоочулар Илим жана аспирантура бөлүмүнө кайрылышса болот.

4601 17:02 09-11-2015

                 

News

|< 1 2 3 >|